24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында -3, Ош облусунда -3 жана Нарын облусунда – 9.
Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 656га жетти.