Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, алардын алтоосу Нарын облусунда, Ош облусунда эки, Ош шаарында бир жана Бишкек шаарында бир.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 172 учур катталды.