Кечээ, 23-апрелде саат 17:20 чамасында Аксы районунун Катраңкы айылындагы Наманган каналындагы сууга 2009-жылы туулган жаш бала түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны табууга 15 куткаруучу, 1 милиция кызматкери тартылды. Учурда издөө иштери улантылып жатат.