Коом

Польшадан келген дарыгерлер бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларына барат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Польшадан келген дарыгерлер төрт күн бою Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында болушкан.

Эми алар Ош жана Жалал-Абад облустарында иштешет.

Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө колдонуп жаткан ыкмалар тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун регионалдык бюросунун офисинде адистердин байкоолорунун жыйынтыктары талкууланды.

Кыргызстандык адистердин жүргүзүп жаткан иштери боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Жолугушууга Президенттин Администрация башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова жана башкалар катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button