Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан 2 жаштагы кыз кулап түшүп, чарчап калды.

Бишкектин комендатурасынын маалыматына караганда, кечээ, 23-апрелде кечки саат алты жарым чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери белгисиз жагдайларда 2018-жылы туулган Ж.А. аттуу кыз турак үйдүн 8-кабатынын балконунан кулап түшкөнүн аныкташкан. Тез жардам кызматынын дарыгерлери наристе ошол жерде каза болгонун тастыкташты.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.