Кадамжай район аймагында “COVID-19” илдетин алдын алууда милиция кызматкерлери коңшулаш Өзбекстан менен чектешкен аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кадамжай районундагы милиция кызматкерлери район аймагындагы анклавдарга Өзбекстан Республикасынан келген жардамдар, азык-түлүктөр биздин аймактан тоскоолдуксуз өтүп кетүүсүн камсыздап берүүдө. Ал эми Ош, Бишкек шаарынан келген Баткен, Лейлек райондорунун жарандарын Уч-Коргон санитардык-карантиндик постунан чогултуп, атайын автоунааларды уюштуруп, Баткен районунун аймагына тоскоолсуз жеткирип жатышат.

Чек арага жакын аймактарда Кадамжай РИИБнин көчмө кабылдамасы катуу үн чыгаруучу каражаттар менен элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары жөө кайгуул күзөттөрү уюштурулуп, милиция кызматкерлери район аймагындагы жарандардын кылмыштуулуктун алдын алуу, бузуулардын алдын алуу, өзгөчө кылдаалдын талаптарын бузбоону түшүндүрүү максатында санитардык эрежелерин сактоо эскертилүүдө. Эске сала кетсек, Кадамжай району Өзбекстан Республикасынын Риштан, Фергана, Сох, Алты-Арык райондору жана Кувайсай шаары менен чектешип турат. Ал эми район аймагында Таш-Төбө, Сох, Жигит-Пирим, Шахимардан анклавдары жайгашкан.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы