Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал кесиптештери бейтапты айыктырууга бардык күчүн жумшап жатканын жана колунан келерине ишенерин билдирди.

Буга чейин 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталган. Милиция кызматкерлеринин арасында саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратын кайтарган дагы бир кызматкери бар.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 12 бейтаптын абалы оор, беш бейтап жандандыруу бөлүмүндө экенин республикалык ыкчам штаб бүгүн кабарлады.