Өзбекстан Россияга гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясын жиберди. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттиги жазып чыкты.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан гуманитардык жардамдын алгачкы тобун Москвага 18-апрелде жөнөткөн. Экинчисин 20-апрелде жеткирген. Жалпы жонунан беш миллион медициналык бет кап берилген. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Өзбекстандын коронавирус менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамын жогору баалап, өнөктөш мамлекет экенин дагы бир жолу далилдегенин белгилеген. Ал эми Россия жооп катары Өзбекстанга жардам көрсөтүп, тест-системаларды жөнөткөнү маалым.

Маалыматка ылайык, учурда Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 1716га жетти. Анын ичинен 486 адам айыгып чыгып, жетөө каза болду. Ал эми Россияда 62 миң жаран вируска чалдыгып, алардын 4,8 миңи сакайып, 555 жаран каза болгон.