Нарын облусунун Ат-Башы районунда “Бай дыйкан” ишканасынын колдоосунда дельтолет жана дрон менен дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. 

Бул иш коронавирус илдетин ооздуктоо максатында Нарын облусунун жетекчилигинин Айыл чарба министрлигине болгон өтүнүчүнүн негизинде ишке ашууда. 

Дельтолет менен аянттар, дрон менен үйлөр, көчөлөр жугушсуздандырылмакчы. 

Адистердин айтымында, жугушсуздандыруучу каражаттын негизги бөлүгүн йод түзүп, мал-жанга, өсүмдүктөргө зыянын тийгизбейт. Дезинфекциялоодон кийин 30 күнгө чейин вирус жолобойт.  

Жугушсуздандыруу иши Ат-Башы районунан кийин облустун башка аймактарында да улантылат. 

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы