Вируска чалдыккандар мындан нары азаят. Бул тууралуу 24-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында изилдөө жүргүзгөн атайын топ илдетке кабылгандарга жума-жумага бөлүп анализ жүргүзгөн. «Эпидемиялык абал тыкыр көзөмөлдө болуп келди. Өз учурунда илдетти жуктургандар аныкталып, байланышта болгондор чектөөгө алынып, кеңири таркап кетүүгө жол берилген жок. Биздин өлкөдө илдеттин өрчүп кеткен учуру байкалган жок. Жумаларды салыштырып анализдеп келдик, акыркы жумада абал туруктуу. Муну менен биз өкмөткө сунуштарды киргизип, мындан аркы кадамдар кандай болорун иштеп чыгабыз. Илдеттин туу чокусу байкалган жок, соңку бир жумада стабилдүү бирдей абал байкалды. Эң көп учурлар ушул күндөргө туш келет деп күттүк эле, азыр эң көп катталган учурлар болуп жатат. Бирок, мындан ары көбөйөт деп айтуудан алысмын», — деди Үсөнбаев.