Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,7%га өстү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды.

«Шаар тургундары, сиздерге кайрылам, бул убакыт дагы өтөт, биз үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек”, — деп чакырды Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.