Бишкек комендатурасы жасалма өткөрмө кагазын саткан жигитти кармалганын Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

«Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды”, — деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Комендант бул учурду аныктоого көмөктөшкөн журналистке ыраазычылык билдирди