Ош шаарында эркек киши сегиз жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө.
Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Анын айтымында, шектүү кармалган. Окуя 4-мартта Оштун көчөлөрүнүн биринде болгон. Шектүү кыздын шымын жана ич кийимин чечип алып, зордуктоого аракет кылган. Окуя байкоо камераларына түшкөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («адепсиз аракеттер») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Тергөө иштери аяктап, материалдар Ош шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлдү.