Бүгүн, 24-апрелде «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы менен 351 жаран учуп келди. Учурда алар Манас эл аралык аэропорттунда учактан түшүп жатышат. Маалым болгондой элчиликке 20-23-апрель аралыгында 451 жаран мекенине кайтуу ниетин билдирип кайрылган. Алардын арасында 345 жаран мекенге келе турганын билдирген.

Учурда Стамбул аэропортуна Анкара, Анталья, Кастамону, Карабүк, Сакарья жана башка шаарлардан келген кыргызстандыктар билеттерин алып, учакты күтүп жатканы маалым болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде бүгүн чартердик рейс менен мекендештер алынып келинээри макулдашылган. Ушул тапта мекендештер аэропортто кароодон өтүп жатат. Алар обсервацияга жаткырылаары күтүлүүдө.