Өлкө аймактарында 2020-жылдын 24-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча жалпысынан 53 540 жардамга муктаж үй-бүлөгө 502,91 тонна ун, 70,3 тонна макарон, 55440 литр өсүмдүк майы, 68,8 тонна күрүч, 57,5 тонна кум шекер, 4815,3 кг чай, 24855 кг буурчак (горох), 3825 кг гречка, 10468 кг китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3 418 кг картошка, 372 даана бульон берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 296 326 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 75980 бет кап, 36303 кол кап, 1250 литр антисептик, 379 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 2796 даана коргоочу костюмдар (бир жолу кийилет), 7000 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель таркатылды.

Ош шаары:

Шаар боюнча муктаж 27 706 үй-бүлөгө жардам катары 301 тонна ун, 13500 кг макарон, 23000 л өсүмдүк майы, 6300 кг күрүч, 5500 кг кумшекер, 800 кг эт, 44100 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 864,0 миң сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 4,7 тонна хлор, 133 514 даана бет кап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол кап берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча муктаж 64 миң 676 үй-бүлөгө жардам катары 2791 тонна 900 кг ун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунан 1249,75 тонна ун, 27 882 кг макарон, 95956 л өсүмдүк майы, 36 т 876 кг күрүч, 11 466 кг кумшекер, 5 525 кг эт, 22 т 500 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг хлор, 235 898 даана бет кап, 2780 л антисептик, 4586 даана коргоо костюмдары, 380 080 даана кол кап, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир жасалма дем алдыруучу жабдуу, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө.

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 660,701т ун, 39789 кг макарон, 48569 литр өсүмдүк майы, 24770 кг күрүч, 38428 кг кумшекер, 3656 кг эт, 20972,0 картошка жана пияз таратылды. Ошондой эле, 6 баш кой жана 10 баш уй берилди.

Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366 000 сомду түздү.

Жалпысынан 30521 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 37142,0 кг хлор, 135850 даана бет кап жана респираторлор, 2823 даана коргоо костюмдары, 65624 даана кол кап, 883 даана атайын көз айнек, 6823,2 л антисептиктер, 95 даана тепловизор/термометр жана 14756 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 2562,57 тонна ун, 24917 кг макарон, 54661 л өсүмдүк майы, 17560 кг күрүч, 9406 кг кумшекер, 2402,4 кг эт, 38609 кг картошка берилди.

Жалпысынан 67068 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 14 360 003 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 25 672 тонна хлор, 339 367 даана бет кап, 6 377 л антисептик, 3 684 даана коргоо костюмдары, 48 142 даана кол кап, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, облустагы эпидемиялык кырдаалга  байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүгө облусттук клиникалык ооруканасына, үй-бүлөлүк медицина  борборуна, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларындагы жана областун аймагындагы калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун эсебинен 2 млн 301 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом акча каражатын жана 5 тонна унду облустук клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине, шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 млн сом акча каражаты тапшырылган. 

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 1219,5 тонна ун, 19135 кг макарон,  36726 л өсүмдүк майы, 9623 кг күрүч, 8116 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди.

Жалпысынан 19334 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 млн 534 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93297 даана беткап, 1847,5 л антисептик, 1778 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 557 тонна 770 кг ун, 28 тонна 750 кг макарон, 19 310 л өсүмдүк майы, 9 тонна 347 кг күрүч, 11 тонна 370 кг кумшекер, 14 тонна 725 кг эт, 9 т 490 кг картошка берилди.

Жалпысынан 19 миң 908 үй-бүлөгө жардам берилди. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө   12 миң кг хлор, 118 миң 716 даана бет кап, 6 миң 360 л антисептик, 4 миң 67 даана коргоо костюмдары, 177 миң 17 түгөй даана кол кап берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 530 тонна 200 кг ун, 12 тонна 746 кг макарон, 21 475 л өсүмдүк майы, 4 тонна 112 кг күрүч, 10 тонна 966 кг кумшекер, 1 218 кг эт, 472,5 кг чай жана 215 500 сом акчалай берилди. Жалпысынан 12 450 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 161,5 кг хлор, 81 069 даана беткап, 2 куб 997,3 л антисептик, 8 957 даана кол кап берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 272 тонна ун, 5 тонна 197 кг макарон,  4724 л өсүмдүк майы, 5 тонна 520 кг күрүч, 100 даана чай, 1542 кг кумшекер жана 998 кг эт азыктары таркатылып берилди. Жалпысынан 7109 үй-бүлөгө жардам берилди. 

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 340,6 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор, 83800 даана бет кап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Бакай-Ата районунун аймагындагы   жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө «Бишкек жаштар уюму» тарабынан демөөрчүлүк көрсөтүлүп, жалпы 1350 кг (27 кап) ун, 270 кг макарон азыктары жана 124 л өсүмдүк майы 49 жаранга таркатылган.

Демилгелүү жаштардын атынан өтө муктаж 30 үй-бүлөгө 30 кап ун, 150 литр май, 150 кг макарон берилди.