Өзбек басылмаларынын жазып чыкканына караганда «Узбекгидроэнерго» Орусия менен биргеликте Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычында кичи гидро электр станциясын куруп баштаган. «Долбоордун жалпы суммасы 21 миллион 300 миң еврону чапчыйт. ГЭСтин курулушу 2020-2022-жылдарга белгиленген. Ошол эле мезгилде «Росэксимбанк» компаниясы Өзбекстанга 19 миллион 200 миң евро берээрин айткан. Маалым болгондой, кичи ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 10,7 мегаватт болуп, ал жылана 41 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрүш пландалганы айтылат.