Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү.

20-апрелде Кыргызстанга Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын бир катар компаниялары тарабынан даярдалган ага-инидей болуп калган Бишкек шаарына гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөтүү аземи болуп өттү.

Гуманитардык жардам коронавирус инфекциясынын эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарды, беткаптарды, термометрлерди өзүнө камтыйт жана Бишкек, Ош шаарларына багытталат. Жүк «Жакын болуу үчүн аралык тоскоолдук кылбайт, биз кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз», «Биргеликте күрөшөбүз!» деген ураандар менен коштолот.

Буга чейин жардамдар Фошань шаарынын Элдик Өкмөтүнөн ага-инидей болуп калган Ош шаарына көрсөтүлгөн.