Чыгыш элдеринин косметикалык каражаттарына учурда биздин өлкөдө талап жогору болгонун байкоого болот. Чыгыш айымдарынын туптунук жылмакай жүзүнө бир эле косметикалык каражаттар эмес кадимки күрүч жакшы таасир берээрин япониялык айымдар айтып чыгышты. Көрсө күрүч минералдарга жана витаминдерге бай. Кайнатылган күрүчтүн суусу беттеги тактарды кетирет да бырыш түшүүнүн алдын алат.

Күнүмдүк тамак ашка колдонгон күрүчтү таза жууп, кайнатып аласыз, анан суусун башка, күрүчтү башка идишке салып бөлүп алабыз. Бышкан күрүчкө бир аш кашык бал жана сүт кошуп, маска жасап бетке коёсуз. 15-20 мүнөттөн соң күрүчтүн суусу менен жууп саласыз.

Бул ыкма бети жылмакай жана тунук кылып ажарыңызды ачуу менен 10 жылга жашартуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Окумуштуулардын айтымында күрүчтүн курамында камтылган Е витамини кандын курамындагы холестеринди азайтып, жүрөктүн иштешин жакшыртат.