Коом

Польшалык адистер Ошто иштей башташты

Бүгүн, 24-апрелде Ош Эл аралык аэропортуна Польша мамлекетинен COVID-19 илдетине каршы күрөшүү аракетинде Кыргызстанга колдоо максатында 11 адамдан турган вирусолог адистер келип түштү.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, Польшадан келген адистер Ош шаарында, Ош облусунда анан Жалал- Абад облусунда изолятордук мекемелерде иштешет, инфекциялык оорулуулар менен күрөшүү боюнча жардам берет жана тажрыйба алмашат.

Аткарган иштери, алардын жыйынтыгы медициналык, эпидемиологиялык божомолдоолор боюнча 27-апрелде Ошто маалымат жыйынын беришет.

Эскерте кетсек, польшалык адистер Бишкек шаарына 20-апрелде келишкен. Адегенде борбор калаада төрт күн миссиясын аткарышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button