Ноокат аймактык ооруканасынан коронавирус инфекциясы менен оор абалда келип түшкөн бейтап чыгарылды.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн отуз эки күн коронавирус менен күрөшкөн.

Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дильшат Мамажановдун айтымында, Covid-19 илдети менен ооруган бейтапты дарылоо төрт этапта өткөн.