Кыргызстандагы балдар үйлөрү жана мектеп-интернаттары азык-түлүксүз калды деген маалыматтар чындыкка коошпойт. Мындагы тарбиялануучулар мурдагыдай эле төрт маал тамак менен камсыздалып жатат.

«Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун башчысы Игорь Беляевдин 23-апрелде «Вечерений Бишкек» сайтына берген  «ата-энесиз балдар акча калды» деген маалыматы туура эмес.

Учурда өзгөчө абал шартында өлкөдө жетим жана кароосуз калган балдар үчүн интернаттык типтеги 5 мекеме иштеп жатат. Алардын төртөөсү Чүй облусунда жана бирөө Ош облусунда. Жалпысынан бул интернаттарда 392 тарбиялануучу бар.

Нормага ылайык, балдарга төрт маал тамак жана мөмө-жемиш, жашылчалар берилип жатат. Азык-түлүктөрдү тендердик сатып алуу квартал сайын жүргүзүлөт. Бардык интернаттык мекемелер мартта тендер өткөрүп, 1-апрелге чейин эле бардык азык-түлүктөрүн алган. Ушул тапта аларда июнь айынын аягына чейин запас бар.

Мындан сырткары  өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги муктаждык жаралса, азык-түлүктү тендерсиз эле, түз келишим түзүү аркылуу сатып алууга уруксат берген.  Тиешелүү кат 24-мартта мекемелерге жиберилген.

8-апрелден тарта балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарында дистанттык билим берүү уюштурулду. Тарбиячылар, ашпозчулар, медициналык жана административдик кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Сабактан тышкары балдарды өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш чаралар уюштурулуп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы