Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украина лидери Владамир Зеленскийдин вице-премьер министр болу сунушунк абыл алды.

«Президент мага Эл аралык валюта фонду, ошондой эле Эл аралык финансы уюмдарыменен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүзүү керектигин айтты — деп билдирди Саакашвили «Наш»телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн брифингде.

«Украинадаөтөкатууэкономикалык шторм, чыныгы цунами болупжатат. Ошондуктан биз бир гана Украина экономикасын сактоо үчүн эмес, ошону менен катар эле ар бир украиналык үй-бүлөгө карата болуучу экономикалык соккунун күчүн колдон келишинче азайтуу үчүн колдон келген бардык аракеттерди кабыл алышыбыз», — деп айтып, Зеленский жана анын командасы жүргүзүп жаткан реформалардын жүзөгө ашырылышын тездетүү керектигин кошумчалай кетти.

Белгилей кетсек, Михаил Саакашвили Грузияны 2013-жылы, башкача айтканда жаңы президент Георгий Маргвелашвилинин инаугурациясынан кийин таштап чыгып кеткен. Өз өлкөсүндө ага карата бир нече кылмыш иши козголгон.