№14 мекеме Кыргызстанда жашы жете элек кылмышкерлердин жалгыз абагы. Ал 1960-1970-жылдары курулган. Колония Панфилов районунун Вознесеновка айылында жайгашкан.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун атайын изилдөөсүнүн 2019-жылдагы отчетуна ылайык, 16-17 жаштагы 17 жаран жазасын өтөгөн.

Мекемеде 2019-жылы курулган мектеп бар. Колониянын тарбиялануучулары сегиз окуу класстарында окушат. Мындан тышкары футбол аянтчасы жана спорттук жайлар бар. Ошондой эле мекеменин аймагында мечит бар.

Булак: Баракелде сайты