“Ата Мекен” социалистик партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абакта отурганда чөнтөк телефонун кайда катып сүйлөшүп жүргөнүн көрсөтүп берип, сырларын ачыкка чыгарды.

“УКМКнын башчысы Абдиль Сегизбаев менин үстүмдөн катуу көзөмөл кылып, телефон менен да сүйлөшпөсүн деп, жалгыз отурган бөлмөнүн камеранын шыбына видеокамера коюп, ар бир чарчы метрди көзөмөлгө алып турду. Жумасына үч-төрт жолу 7-8 кызматкер келип, ар бир чарчы сантиметрден телефон издешет эле. Анан айласы кеткенде начальник Айбек алдыма отуруп алып: “Байке, бизди кыйнабаңыз, балдарымдын убалына калбаңыз. Сегизбаев күнүгө сиздин сүйлөшкөнүңүз боюнча көчүрмөлөрдү жөнөтүп жатат. Кечээ эле 12 жолу телефон чалып сүйлөшүптүрсүз. Биз жумуштан кетип калышыбыз мүмкүн”, – деп суранат эле. Аларды угуп, аяп,  сырымды ачып жибергим келет эле, бирок өзүмдү өзүм карманат элем. Мен кайсыл жакка каттым, эмне үчүн алар таба албады? Жүрөгүм ооруганда корвалол ичип турчумун. Алар көпкө издегенде жүрөгүм ооруп кетти деп дарыны тамчылатып ичип отура берчүмүн. Издеп таппайт, корвалол дарысынын инструкциясынын ичинде телефон катылган. Дары начальниктин алдында турат, мен улам корвалол ичип коём. Алар муну табышбайт. Башка дагы дары-дармектер бар. Солдат келип, дарыны көрүп кетип калат. Дарынын инструкциясынын ичинде дагы кичинекей телефон бар. Мунун дүйнөлүк кризиске кандай тиешеси бар? Түрмөдө адамдар 500 сомдук телефондор менен сүйлөшөт. Алар чоң телефон, же смартфон издешти. Мындай кичинекей телефон болот деп аларга эч ким көрсөтмө берген эмес. Стандарт деген ушул. Алдыңда турса ушул жерде болуп калат деген ой жети уктаса да түшүнө кирбейт”, – деди Текебаев.

Саясатчы муну менен кризис учурунда өкмөт стандарттуу эмес, креативдүү ой жүгүртүүсү керектигин айткысы келгенин белгиледи.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 2017-жылы «орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот 2019-жылы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Учурда иш Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 

Булак: Жалбырак ТВ