Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында Токмок шаарындагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго барды.


Өкмөт башчы бул заводдун уникалдуу тарыхы бар жана өндүрүштүн ишке кириши — бул маанилүү окуя экенин белгиледи.
Учурда заводдо 100гө жакын жумушчу иштейт. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде ишканада 600гө чейинки жумуш орду түзүлөт.
Ишканага 1,5 млн АКШ доллары инвестиция катары салынган. Заводдун имараттары менен курулмалары оңдолуп, жабдуулары модернизацияланган.