Коом

Дезинфекциялоо иштерине катышкан аскер коронавирустан каза болду

Кечээ, 24-апрелде Казакстандын Мангыстау облусунда коронавирустан 40 жаштагы аскер кызматкери каза болгонун аймактын башкы санитардык дарыгери Ергали Сыдымановго таянуу менен Азаттык жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мунайлы районунун 1980-жылы туулган тургуну Актау шаарындагы дезинфекциялоо иштерине катышкан. Ал 20-апрелде дене табы көтөрүлүп, тамагы кычышкандыктан ооруканага кайрылган. Рентген анын өпкөсүндө пневмония бар экенин көрсөткөн. Маркум коронавируска байланыштуу эки жолу тесттен өткөнү, акыркы анализинен вирус аныкталганы белгилүү болду.

«Анын үй-бүлөсү бар, беш баланын атасы. Аны менен байланышта болгон адамдар карантинге алынды», — деди Сыдыманов.

Казакстанда коронавирустан 20 киши каза болду. Ооруга чалдыккандардын саны 2370 кишиден ашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button