Обсервацияга жаткырылган 35 миң 617 адам жана аларды тейлөөгө тартылган кызматкерлердин үч маал тамагы үчүн 10 млн 277 миң сом камсыздалганы тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти. “Кыргызстанда бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте обсервация жана госпитализация үчүн 11 миң 961 орун дайындалды.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы 3.9 орун даярдоону пландап жатат”, — деп айтты Өзгөчө кырдаал министри Замирбек Аскаров. Маалым болгондой, коронавирус менен күрөшүүгө ӨКМга 80 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.