Эл аралык космостук станциясы үчүн жүк жеткирүү максатында “Прогресс МС-14”кемесиндеги “Союз-2.1а” ракетасы Байкоңур космодромунан старт алды.
Буга чейин мамлекеттик корпорация бул ракетага “Жеңиш ракета” – деп атааларын айтышкан. Ал тургай аны, Улуу Жеңиштин урматы үчүн георгий тасмасы, Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери жана УАМ 75 жылдыгы менен байланышкан логотип менен кооздоп чыгышкан.
“Прогресс МС-14” саны жагынан алганда Эл аралык космостук станцияга жогорку тездиктеги эки виткалуу схемасы боюнча учкан төртүнчү “жүк ташуучу” болуп саналат. Ал станцияга 3 саат 21 мүнөттө ичинде жетери айтылууда. Бул 2019-жылы рекорд койгон “Прогресс МС-12” кемеси көрсөткөн убакыттан болгону үч мүнөткө кеч жетет дегенди билдирет.