Кыргыз өкмөтү  Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына 10 млн. сомдук жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстанданы Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, 25-апрелге карата элчиликтин алдындагы штабга 4 млн. сом которулду.

Өкмөттүн чечимине ылайык жардам көрсөтүү накталай акча таркатуу каралган эмес.

Келип түшкөн финансылык жардамды бөлүштүрүү иши Элчиликтин алдындагы Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидер жана активисттеринин катышуусундагы атайын комиссия тарабынан жарандардын кайрылууларынын белгилүү бир категорияларына жараша каралат.

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы Штаб бөлүнгөн 4 млн.сом өтө муктаж жарандарга, тактап айтканда, COVID -19 илдетин жуктуруп алгандарга, оорукчандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган жарандарга убактылуу жатакана (хостел), тамак-аш түрүндө жардам берүүгө багытталат.

ИИМдин Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев айрым жарандар азык-түлүк түрүндө берилген жардамды чанып жатканын жазып чыкты. Алар Москвадагы кайсы бир фирманын азыктарынын сапаты начар экенин, адам тургай мышыкка бериле турганын айтып, жеткирилген жардамды кайра алып кетүүсүн айтып кайрылышкан.