Коом

Коронавирустан каза болгондор 200 миңге жетти

Жон Хопкинс атындагы университеттин сайты маалымдагандай учурда дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандардын саны 195 миң 920 кишиге жетти. Ал эми вирус жуктургандардын саны 2 миллион 790 миң 986га жетсе, сакайгандар 781 миң 382 бейтап.

АКШда 890 миң 524 адам коронавирус менен жабыркап, анын 96 миң 677си ооруканадан айыгып чыкса, каза болгондордун саны 51 миң 17ге жетти. Коронавирустун көп жайылуусу боюнча экинчи орунда турган Испанияда 219 миң 764 жарандан коронавирус аныкталды. Анын  92 миң 355 бейтап инфекциядан сакайып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 22 миң 524 адам көз жумду.

Ал эми Италияда болсо 192 миң 994 адам коронавирус жуктуруп, анын 60 миң 498и сакайган, 25 миң 969 жаран каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button