«Коронавирус пандемиясы улутчул Германияга каршы бирге согушкан Россия менен АКШны конфронтациядан баш тартып, мурдагы союздаш мамилелерин жандандыруусу керек экендигин көрсөттү» — дейт 94 жаштагы Экинчи дүйнөлүк  согуштун ардагери Фрэнк Кон.

Фрэнк Кон 1945-жылдын 25-апрелиндеги советтик жана америкалык аскерлердин Эльба дарыясындагы тарыхый жолугуушусунун катышуучусу болуп саналат. «Товарищ» дегенден башка орусча бир  сөз белбегендигине карабастан ал мына ушул жолугушууда тилчинин милдетин аркалагандыгын жылмаюу менен эскерип, советтик аскерлер аларды жылуу тосуп алышып, дароо арак сунуш кылышкандарын кошумчалаган. 

Ардагер коронавируска каршы күрөштү мындан 75 жыл илгери болгон согуш менен салыштырып, бирок Экинчи дүйнөлүк согуш алда канча коркунучтуу болгонун жана миллиондогон адамдардын өлүмү менен аяктагандыгын эскерет.