Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Алар Бишкек шаарынан — 12, Ош шаарынан 10 жана Чүй облусунда — 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.