Коом
Өткөн суткада үч медкызматкерден коронавирус аныкталды
Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, алардын баары Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды. Алардын 65и айыгып, кайра жумуштарына чыккан.