Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында мамлекеттик карызын төлөөгө 8 миллиард 976,4 миллион сом сарптаган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Анын ичинен 3 миллиард 934,9 миллион сому мамлекеттик тышкы карызга төлөнгөн.

Ал эми 5 миллиард 041,5 миллион сому ички карызга жумшалган. Аталган сумманын баары республикалык бюджеттен которулган.

Февраль айындагы эсеп-чот боюнча өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 606 миллион 130 миң доллар экени маалым. Тышкы (башка мамлекеттерге жана эл аралык финансы уюмдарына бересебиз) карыз — 3 миллиард 860 миллион 870 миң доллар; Ички (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен алганда) карыз — 745 миллион 260 миң доллар.

Белгилүү болгондой, коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын бюджетине 30 миллиард сом түшпөй калаарын министр Б.Жээнбаева брифингде айткан эле. Буга байланыштуу чет жактан 456,4 миллион доллар алууга макулдашылган. Бирок бул да жетишсиз болгондуктан, мамлекет дагы башка булактардан каражат издеп жатат.