22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүндө коронавирус инфекциясы тастыкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал эми, 24-апрель күнү Стамбулдан келген 351 жарандан анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт», — Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

Буга чейин 17-апрелде Түркиядан келген бир жарандан да коронавирус аныкталган.