Талас облусунун Манас районунда COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында 4 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Аталган посттордо, Манас РИИБнин, ӨКМнын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери биргеликте күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Милиция кызматкерлери кызмат өтөө учурунда жарандарга карантиндик режимдин талаптарын сактоосу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Манас РИИБнин бардык кызматкерлери зарыл болгон коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап, атайын кийимдер менен камсыздалган.

Мындан тышкары, Кайынды, Покровка жана Май айыл аймактарында жергиликтүү айыл-өкмөттөрдүн депутаттарынан, элдик кошуундан куралган кошумча 4 фильтрлөөчү пост орнотулган. Ошондой эле, райондун жана айылдардын борбор аймактарында милиция кызматкерлеринен жөө кайгуул уюшулду. Алар, жарандарга коноравирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу боюнча санитардык коопсуздук чаралары жөнүндө түшүндүрмө берип, жеке гигиеналык эрежелерин сактоосуна талап коюлууда. Азыркы учурда, коронавирус илдетин алдын алуу боюнча маанилүү чаралардын бири – бул, көчөлөрдү жана коомдук жайларды дезинфекциялоо болуп саналат, бул багытта Манас району боюнча ЖККБнын кызматкерлеринин коштоосу менен ӨКМнын атайын унаасынын жардамы аркылуу санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен бирге, Манас РИИБнин административдик имараты да, дайыма дезинфекцияланып турат. Милиция кызматкерлери тарабынан 2 обсервациялык пункт кайтарууга алынган.

Талас облусунун Манас районун Казахстан Республикасынын Жамбыл облусу менен чектешкен. Карантиндик режимдин биринчи күндөрүнөн баштап, коронавирус илдетин алдын алуу боюнча башка мамлекеттик органдары менен биргеликте милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоого тартылган. Азыркы учурда, райондук милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаал режими учурунда жарандар тарабынан мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча керектүү болгон чараларды көрүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы