Коом
Республикалык штаб: ата-энелерге психологдун кеңештери
Республикалык штаб коронавирус менен күрөшүү боюнча ата-энелерге өспүрүм балдары менен иштешүүдө психологдун кеңештерин жарыялады.
Белгилей кетсек, коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген.
Карантинге байланыштуу мектеп окуучулары үйдөн окууга аргасыз болууда. Алар убактысынын көбүн ата-эне, жакындары менен өткөрө турганы маалым.
Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине психологдон кеӊеш:
- Балдарыӊыздын ачык-айрымдыгын баалай билиӊиз, көйгөйлөрүнө көӊүл буруӊуз;
- Теӊ укуктуулук таризинде баарлашыӊыз, буйрук мүнөзү сизге каршы ойнойт. Сиз аларды түшүнүп жатканыӊызды көрсөтүӊүз;
- Шылдыӊдабаӊыз, сезимдерин тамашалабаӊыз. Балдарыӊызга сый-урмат менен мамиле кылыӊыз, алар аярлуу жана ызакор экенин унутпаӊыз;
- Кыжырданбаӊыз жана жиниӊизди келтирбеӊиз, сабырдуу болуӊуз. Сиздин орой мамилеӊиз алардын жооп кайтарышына алып келиши ыктымал;
- Балаӊыздын кызыгуусу жөнүндө тоотпогон, таарынткан маанайдагы сөздөрдү айтпаӊыз, ал мазактаганга жатат;
- Өспүрүмдөрдүн мамилелерин орой жана кырс түрдө эч качан үзбөш керек. Анткени алар бири-бири менен баарлашканды жаӊыдан үйрөнүп жатат, оюнда жаман нерсе жок;
- Анын досун (курбусун) үйгө чакырып, таанышыӊыз. Бул сиздин балаӊыз ким менен сүйлөшүп жатканы жөнүндө объективдүү, ачык-айкын билинет;
- Сиз аларга үйдөн жолугууга уруксат берсеӊиз дагы да жакшы болот. Мында алар көрүшүү үчүн ар кандай күмөн санаткан жайларды издебейт;
- Аларга өзүӊүз биринчи сүйүүӊүз тууралуу айтып бериӊиз. Бул сизге балаӊыз менен өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшөт;
- Эгерде сиз өспүрүм курактагы балаңыз менен жакшы мамиле түзө алсаӊыз, анда анын жүрүм-турумун гана көзөмөлдөбөстөн жоруктарына да таасир бере аласыз;
Эсиӊизде болсун, өспүрүм көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болгондо ата-эненин жардамына абдан муктаж болот. Ошол эле убакта өзүнүн ички дүйнөсүнө бирөөнүн «баш багуусун» каалабайт жана ал буга толук укуктуу.