Таажывирус дүйнө жүзүн түрө кыдырып, биз укмуш деген мамлекеттердин оош-кыйыш жактарын ачыктап жатат. Анын сыңарындай биздеги иштебей келе жаткан тармактарды дагы ашкерелей баштады. Мындай дүйнөнү каптаган пандемияга бардык жерде олуттуу мамиле талап кылат.

Ошондой мамиле жасабаган, өз ишин тарта албай калган министр Космосбек Чолпонбаев менен өкмөттүн социалдык блогун тейлеген Алтынай Өмүрбекова кызматынан четтеген. Элдин коопсуздугуна кол шилтеген мамиле жасашкан. Бул экөөнүн иштери менен тыгыз байланыштуу жалпы социалдык багытты тейлеген президенттик аппаратынын социалдык маселелер боюнча бөлүмү алдына коюлган иш милдеттерди тарта албай келгени ачык болуп калды. Башчысы Назгүл Ташбаева ишин эптей албай калып, президент “чык эшикке” дегени чынбы? А бирок өз арызы менен кетти болуп калды. Кыйын кырдаал ыкшоо тарткан мамлекеттик кызматкерлерди өз ордуларына коюп жатат. Эл жүгүн аркалайм деп келгенден кийин жооптуу кызматтарда отургандар абалдын күрөө тамырын кармай билип, ыкчам, туура чечимдерди кабыл алып иштешин заман өзү талап кылып жатат. Ташпаева жүдөп-какап, оңчулуктуу иштей албай, саламаттыкты сактоо тармагын зыкылдатып жөнгө сала албай, элди дагы жүдөтүптүр. Коронавирус чындап эле кимдин ким экенин көрсөтүп койду…