Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 665ке жетти. Кечээ Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Боронов оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты. Ал үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун билдирген. Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Усенбаев » Илдеттин туу чокусу байкалган жок, соңку бир жумада стабилдүү бирдей абал байкалды. Эң көп учурлар ушул күндөргө туш келет деп күттүк эле, азыр эң көп катталган учурлар болуп жатат. Бирок, мындан ары көбөйөт деп айтуудан алысмын”,  – деген Үсөнбаев.

Эгер карантин кайра улантылбаса кимдер биринчилерден болуп ишке чыгаары да айтылган. Алар вулканизация, СТО, такси жана курулуш тармагында иштеп, күнүмдүк акча таап иштегендер. Мындай маалыматтардан улам, алдыда баары жакшы болооруна үмүт артып, мурункудай жай турмушту баштоого көз артып тургандар көп.