Бул жолу, урматтуу туугандар, сиздерге өзүмдүн балалык чагымда болгон кызыктуу окуялардан айтып берүүнү чечтим. 5-6 жаш курагымда Чалкан жайлоосунда (Сары-Бээ айылы, Кара-Кулжа) конуштап калдык. Кийин «Чалкан» журналына сатира жаза баштаган кезде, буга аты уйкаш сүйүктүү жайлоом көз алдымда тартыла берчү. Балким, «чалканчы» болуп сатиралык калем кармап калышыма ошол жайлоодон көрөңгө пайда болгондур.
Чалкандагы шыралжын, кийик-от жыттанган бир чакан дөбөчөдө ордолуу жыландар болоор эле. Түстөрү дагы ар кандай. Экөө гана сары болчу. Ошол эки сары жылан да бири-биринен айырмаланып, бирөөсү чылгый сары болсо, экинчисинин эки капталында башынан тартып куйругуна чейин ак-ак чекиттери бар эле. Ал эми падышасы деген божомолго ээ болгон эки баштуусучу… бир башы чоңураак болсо, экинчиси куйругунун учуна жайгашкандыктан кичирээк болуп тилин соймоңдотуп турганы али да бүгүнкүдөй эсимде.
Бир жолу ошончо көп жыландан өзүнчө бөлүнүп, обочороок жерде күнөстөп жаткан кара чаар жыланга аябай тийиштим, жыгач менен сайгылап. Мага теңелгиси келбеген жылан таштын коңулуна кирип кетти эле, ташты дагы оодарып салдым. Ал коңулда оролуп жаткан экен, жыйрыла калып, андан аркы ийинге кире качканга үлгүрдү. Мен болсо, ого бетер өчөшүп, ийинди да чукулап жатсам, байкап калган чоң балдар:
-Эй, тийишпе!.. Ка-ач!.. Уюктуу жылан кекчил болот. Эми сенден сөзсүз өч алат, — деп тилдеп жиберишти.
Эртеси дагы уюктуу жылан жакка ойноп баргым келип туруп албаспы. Жөнөөрдө сапсайган чачымды тасырайта алдырып салдым, кечээки мен тийишкен жыланга таанылып калбас үчүн. Барсам, жыландар ар-ар жерде каршы-терши, ийри-буйру болуп жатышыптыр. Кээ бири сойлоп жүрүшөт. Биринин да мени менен иши жоктой. Баламын да, чачым жок болуп калса эле тааныбай калышат деп ойлогом. Жылан өзгөчө сезгич келээрин, кырсыкка себепкер адамды көп жылдан кийин да издеп таап майып кылып коёрун билчү эмесмин анда.
Айтор, «бала да, баланын иши чала да» дешкенби, нечен жолу тийишкениме карабай, ийрелеңдеп сойлогон жыландар мага эч жамандык жасашкан эмес. Азыркы заманда айрым эки буттуу «жыландар» тийишпеген эле айыпсыз наристелерди «чагып» коюп жатышпайбы.
Көптөн бери ошондой ордолуу жыландарды көргүм келип жүрөт. Эгер эми чыгынып издеп барсам кезиктире алат болдум бекен? Бирок ушул кезде көзүмө уюктуу жылан чалдыкпаган менен, коомубузда уюктуу коррупционерлер бар экенин жаземдебей эле туюп келем.

Ошол уюктуу коррупционерлерге каршы аттанып олтурам.

Куралым — сатиралык калем! Колдоочуларым — сиздер!!!

Орозбек Казыбек уулу