АКШ нын президенти Д. Трамп Ак үйдө өткөн конференцияда дарыгерлерге коронавируска каршы химиялык заттарды колдонуп көрүүнү сунуштады. Ал идиш аяк жуучу, унитаз тазалоочу каражаттарды ичип же инъекциялык жол менен вирустан айыгуунун жолдорун карап чыгууну сунуштаган.

Бул тууралуу ВВС маалымат агенттиги жазып чыкты. Бейшембиде Ак үйдө өткөн конференцияда Трамп дарыгерлерге кайрылып, химиялык заттарды колдонуу менен, коронавирусту жок кылуу жолдорун иштеп чыгууну сунуштаган. Бирок дарыгерлер химиялык заттарды ичүү өлүмгө алып келээрин айтышууда. Мисалы ошол эле хлор бул адамдын өпкөсүнө жаман таасир берээрин айтышууда.

Ошондой эле президент Трамп ультра нурдантуу жолдору аркылуу вирустан арылууну да айтып өткөн. Ал эми окумуштуулар ультра нурдантуу адамдын терисинин жабыркоосуна алып келет деп түшүндүрүүдө.