Күн мурун Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына Өзгөн районунун Куршаб айылынан сегиз айлык бөбөктү алып келишкен. Бөбөк бешикте жатып, илинип турган төнөгүчтү (измеликти) жутуп алган, натыйжада төнөгүч баланын кызыл өңгөчүнүн биринчи кысылган жерине келип, такалып, ачылып кеткен.

Балага оорукананын кулак, мурун, тамак оорулар бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов операция жасаган.

«Бала келгенде абалы абдан кыйындашып, дем ала албай кусуп келди. Рентгенге тартканыбызда төнөгүч ачылып, кызыл өңгөчүнө сайылып калган экен. Колубуздан келишинче аракет жасап, баланын тамагындагы төнөгүчтү алып чыктык. Чынын айтканда, операция оор болду. Баланын өмүрүнө коопсуз кылып алуу үчүн чоң чеберчилик керек эле. Кудайга шүгүр, баары жакшы болуп, баланын азыр абалы канааттандырарлык”,-деди дарыгер.