Медициналык кызматкерлерге 1 миң даана коргоочу костюм берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүүдө «Апаатка такаат» социалдык долбоордун алкагында уюшулган ишкерлердин JIA Бизнес-ассоциациясы «Элим, барсыңбы?» фонду менен биргеликте медиктерге коргонуучу костюмдарды беришти.

Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.

Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. Жеке коргоочу каражаттар республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.