Жай турмушта жашап көп нерсен көзгө илбей «ии ушул сабак качан бүтөт үйгө барам дечү элем. Үйгө келип эртеси кайра сабакка шашам»- дейт маектешим.

Чынында карантинде камалып чоңдор эмес, кичинекей өспүрүмдөр жада калса эркиндиктин баркын билди өңдөнөт. Эрте менен ашыгып шаша буша чачын байлап, бийге кетет, анан мектепке, кечинде үйгө. Күнүмдүк күнү ушундай дөңгөлөк сыяктуу өтүп жүргөн окуучу кызды азыркы абал кыйла өзгөртүптүр. «Көрсө ошол күн эле жакшы экен.

Дос кыздарды сагындым, эртерээк карантин бүтсө, эми сабактан калбайм, шылтоо айтып качпайм»- дейт. » Апамды кыйнап атып алдырган жазгы кийимдер кийилбей калды. Ага деле өкүнгөн жокмун, шкафта турат. Кечке үйдө камалган жаман экен, онлайн сабак окуган менен, чурулдап сөз талашып, сабак айтып, классташ кыздар, балдар чогуу жүргөн башкача экен»- дейт кошуна кыз.

Атың жаман илдет жашыбыз, карыбызды сынап, жер эне, табигат, жаратылыш кенен абадан кере жутуп, «коё тургула ашыкпай, мен чарчап барам»- деп эскертти окшойт. Чынында адамзат шашып эле калганбыз. Эрте менен жумушка, анан балдарды алуу үчүн бакчага. Анан айлык качан келет деп, бирди эки кылам деп жүрүп, көп нерсе унутта калган экен. Азыр элдер баардык нерсенин баркын баамдай баштадык.