24-апрель күнү Торонтодогу Фонддук биржада өткөн тооруктарда канадалык алтын казуучу Centerra Gold компаниясынын акцияларынын баасы 5.20%га кымбаттаган.

Тоорук сессиясынын аягында бир акциянын баасы 8.76 АКШ доллары (12.34 CAD, +0.6100006 CAD) өлчөмүндө болгон. Кечээ күнү болуп өткөн тооруктардын жалпы көлөмү 1 281 060 акцияны түзгөн.

Ал эми бир күн боюу Centerra акциялары 8.15тен 8.78 АКШ доллары өлчөмүндө сатылган.

Кыргызстандын Centerra Goldкомпаниясындагы 28.8% өлчөмүндөгү акцияларынын пакети кечээки торукта 677 671 836 АКШ долларына чейин кымбаттаган.

Белгилей кесек, Centerra Gold Inc. – канадалык алтын казуучу компания. Кыргызстандагы (Кумтөр) жана Монголиядагы (Бороо) алтын кендерин казуу менен алектенет. 2016-жылы Канададагы ири алтын-күмүш кенин сатып алгандыгы тууралуу жарыялган.