Дүйнөнүн бокс боюнча мурунку чемпиону Майк Тайсон рингге кайтуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. «Мен акыркы жумада катуу дайындандым, азыр менин бүт денем ооруп турат. Рингге кайтуу үчүн мен машыгып жатам, бир нече беттешүүлөрдөн соң мен өз калыбыма келем» — дейт спортчу. Экс-спортчу беттешүүдөн тапкан каражаттарын кайрымдуулукка жумшап, үйү жоктор менен наркотикалык заттардан көз каранды болгондорго жардам берээрин айткан.