Коом
Мегаком компаниясы Жалал-Абад аймагына гумжардам жиберди
MegaCom компаниясы Жалал-Абад облусунун өзгөчө абал киргизилген аймактарына гуманитардык жардам жиберди.
Өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдиргендей, облус жетекчиси өлкөнүн башкы байланыш кызматына кат жолдогон.
Келген гумжардамдар Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы 1000 кожолукка аталып, анын 700 даанасы Сузак районунун айыл аймактарына таратылып берилди.
Калган 300 даанасы Жалал-Абад шаарына берилет.
Кѳрсѳтүлгѳн жардам үчүн облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ыраазычылыгын билдирди.