Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы кырсыкка учурады. Кырсыктын видеосу “Короче” деп аталган Телеграм-каналга жүктөлдү.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 25-апрелде, болжол менен саат 18:00-19:00дөр чамасында Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тез жардамдын унаасы Мерседес-Бенс менен кагышкан. Вилео материалдан дарыгерлердин унаасы жолдун жээгинде оодарылып жатканын, жанында жаракат алган фельдшер отурганын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов жергиликтүү басылмалардын бирине адамдар катуу жаракат албаганын билдирген.

«Тез жардам кызматынын унаасында фельдшер, дарыгер жана айдоочу бара жаткан. Фельдшер анча чоң эмес жаракат алып, ошол жерде медициналык жардам көрсөтүлдү. Оор жаракат алгандар болгон жок», – деп билдирген Борисов.

Булак: Govori.TV