Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген врачы», белгилүү тиш доктур, көп кырдуу талант Нуралы Базарбаев фейсбуктагы баракчасына үйүнүн короосундагы өзү өстүргөн гүл бакчасын сүрөткө тартып калтырган. Анда көз жоосун алган жоогазындардын түрүн жана роза гүлдөрүн көрүүгө болот. Дарыгерлер баардык нерсеге жөндөмдүү болорун Нуралы Базарбаев дайыма далилдеп келет.