Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 61 жаран жеткирилип, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 47,
Ош шаары боюнча – 4,
Сузак району – 6,
Ат-Башы району – 4.
Ал эми Нарын шаары, Жалал-Абад шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3502 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы